• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бул учурду көп күттүк. Башкы дарыгер Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал оңолууда. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифинг маалында билдирди.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери маалымдагандай, сутка ичинде коронавирус жуккан 7 жаңы учур табылып, жугуу жолдору аныкталган. «Жаңы учурлар байланышта болгондор арасынан табылды. Аны биз изилдөөнүн жүрүшүндө аныктадык», - дейт ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, сутка ичинде аныкталган 7 бейтаптын бирөө - оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу.

Өлкөдө коронавируска кабылгандардын дээрлик 70%ы айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ошондой эле Үсөнбаев кошумчалагандай, иштөөгө уруксат берилген айрым административдик аймактарда санитардык-карантиндик чаралар белгиленген.

«Жарандык жоопкерчилик пайда болууда. Бирок ошентсе да жалпы коопсуздук чараларына муктаждык бар», - дейт ал.

Андан тышкары, Үсөнбаев жарандарды өздүк гигиенаны сактоонуу суранды. «Өздүк гигиенаны сактабагандык башка адамдардын ден соолугуна зыян тийгизет. Ал эми беткап тагынып жүрүү - өзүн гана эмес, башкаларды да оору жугуудан сактайт», - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус жуктурган 7 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1044тү түзөт. Алардын ичинен 726 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий