• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бул жылы 20 айылда таза суу түтүктөрүнүн курулушу аяктады – Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. 2021-жылы республиканын 20 айылында ичүүчү таза суу түтүктөрүн куруу иштери аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, калкттуу пункттарда таза суу түтүктөрү Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

“2024-жылга чейин стратегиялык документтердин алкагында Кыргызстандын алдында республиканын 645тен ашык айылдарында таза суу түтүктөрүн куруу жана реаблитациялоо боюнча чоң иштерди аткаруу турат. Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, республикалык бюджет жана жергиликтүү бюджеттер аркылуу 2020-жылга карата өкмөттүн иш-аракеттер программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин артыкчылыктуу иш-аракеттеринин планына ылайык, 70 айылды таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер аяктады”, - деди ал.

Акматалиев 2021-жылга карата эл аралык донорлор, республикалык бюджет жана башка булактар аркылуу республиканын 96 айылына таза суу түтүктөрүн куруу жана реабилитациялоо пландалганын белгиледи.

“1-июнга карата эл аралык донорлор, Дүйнөлүк банк жана башка булактар аркылуу 20 айылда ичүүчү таза суу түтүктөрүн куруу иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын 60 млн доллар каражатынын эсебинен КРнын калктуу конуштарын ичүүчү суу жана ирригация менен камсыздоо боюнча "Суу коопсуздугу жана суунун сапаты" долбоорунун күчүнө кириши боюнча иштер башталды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий