• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бул жылы Бишкек ЖЭБде авария болбойт – "Электр станциялары" ишканасы

Коом 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары кабатыр болбой эле коюшсун, бул жылы Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болбойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Электр станциялары” ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары Исланбек Сарсейитов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, ЖЭБде болгон авариядан кийин кризиске каршы план кабыл алынып, аны ишке ашыруу үчүн каражат бөлүнгөн.

“Учурда баардык иштер графикке жараша жүрүүдө. Буу казандарда баардык оңдоп-түзөө иштери жана башка иштер аяктап, терезелерге айнектер тагылган”, - деди Сарсейитов.

Пикир

Оставить комментарий