• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бул жылы Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 5 бала бакча куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бул жылы Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 5 бала бакча курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Бишкек мэриясынын планынын алкагында борбор калаада муниципалдык объектилерди, атап айтканда мектеп, бала бакча жана саламаттык сактоо объектилерин куруу жана капиталдык оңдоо жүрүп жатат.

“Азыркы учурда Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 5 бала бакча куруу пландалууда. Жакын арада биз аларды курулушуна тендер жарыялайбыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий