• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бул жылы карантинге байланыштуу конок чакырып ооз ачуу өткөрүүгө мүмкүн болбойт – комендант

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Бул жылы карантинге байланыштуу конок чакырып ооз ачуу өткөрүүгө мүмкүн болбойт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал, бул жылы орозо 24-апрелде башталарын, ал өлкөдө өзгөчө абал киргизилген учурга туш келгенин айтып, мындан улам жарандар үйдө болуусу керектигин билдирди.

"Бул оор күндөрдө Орозо айында сабырдуу, боорукер болушубуз зарыл. Өз ачуу – Орозо айындагы соопчулук иштердин бири. Карантинге чейин оз ачуу үйдө, кафелерде, ошондой эле мечиттерде өткөрүлүп келген. Бирок бул жылы коопсуздук эрежелерине байланыштуу ооз ачууну үйгө чакырып, кафе, мечит же башка жерлерде өткөрүүгө болбойт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий