• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бул жылы Кыргызстан электр энергиясын экспорттобойт – "Электр станциялары"

Экономика 0

Жалал-Абад, 03.06.19. /Кабар/. Бул жылы Кыргызстан электр энергиясын экспорттобойт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Исланбек Сарсейитов билдирди.

Сарсейитовдун айтымында, анын негизги себеби суу аз мезгилинин башталышы болууда.

"Казакстан менен товар алмашуу бар. Башкача айтканда, биз аларга 270 млн. кВт/саат электр энергиясын 5-июндан август айына чейин экспорттойбуз. Алар аны, бизге сентябрдан ноябрь айына чейин кайтарат", - деди ал.

Ал белгилегендей, өткөн жылы Кыргызстан Өзбекстанга 700 млн. кВт/саат экспорттогон.

"Бирок, бул жылы суунун көлөмүнүн аздыгынан улам экспорт болбойт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий