• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бул жылы өлкөдө пландалган айыл чарба түшүмүнүн 35%ы алынган жок

Экономика 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бул жылы өлкөдө пландалган айыл чарба түшүмүнүн 35%ы алынган жок. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Бишкектеги брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жыл суунун аздыгынан улам татаал болду. Ага карабай суу бардык каналдар аркылуу берилип жатты.

“Биз суунун аздыгынан жана татаал климаттык шарттарга байланыштуу бул жылы пландалган түшүмдүн 35%ын ала алган жокпуз. Бул биринчи кезекте дан эгиндерине тиешелүү. Башка өсүмдүктөр боюнча мындай олуттуу түшүүлөр болгон жок”, - деди министр.

Ошондой эле, ал өлкөдө кургап калган талаалар жок экенин, айрым гана талааларга суу аз, же убагында берилбегенин айтты.

“Бул жыл бизге кийинки жылы дагы сугат суунун тартыштыгы боюнча кыйынчылыктар боло турганын көрсөттү. Быйылкы жылы 85 миң гектар аянттагы күздүк эгиндерди алдын-ала суугарууну пландаштырдык. Бүгүнкү күнгө карата иштер 70%га аткарылды. Ал эми 220 миң гектар аянтка суу толтуруучу сугат иштерин жүргүзүүнү пландаганбыз”, - деди Жаныбеков.

Пикир

Оставить комментарий