• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Булак: Тажикстанда колониядагы козголоңдун кесепетинен 13 адам көз жумду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.11.18. /Кабар/. Тажикстандын түндүгүндөгү Худжанд шаарында жайгашкан катаал режимдеги колонияда бунт чыгып, анын кесепетинен 13 камактагы адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттигене Согдий облусунун күч органдарындагы булак билдирген.

"13 камалган адам Худжанддагы катаал режим колониясындагы чабуул учурунда каза болушту. Алар ал жерде козголоң чыгарышкан", - деп билдирген агенттиктин сукбатташы.

Анын айтымында, камактагылардын бири, Ислам мамлекети тобунун мүчөсү кароолчунун автоматын алып, көзөмөлдөөчү адамдарга жана кароолчуларга ок чыгарган, камалгандар колониянын бир корпусун басып алышкан. Согдий облусунун ички иштер башкармалгынын атайын багытталган отряды бунтту баскан.

Өз кезегинде Тажикстандын юстиция министрлигинин кылмыш жазаларын аткаруу башкы башкармалынынан РИА Новостиге окуя болгон жерде атайын тергөө тобуиштеп жатканын, козголоңдун чоо-жайы аныкталып жатканын билдиришкен.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий