• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Булганыч аба: Бишкек дүйнөлүк рейтингде 92 шаардын ичинен сегизинчи орунда турат

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. World Air Quality дүйнөлүк рейтингинин сайтында маалымдалгандай, Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөнүн калган 92 шаарынын ичинен 8-орунда турат.

Ошентип, Бишкектин абасындагы микро-дисперстүү PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы азыр ДССУ сунуш кылган абанын сапатынын орточо жылдык мааниси 157 микрограмм (мкг) куб метрден 6,8 эсе жогору.

Бүгүн аталган тизменин сап башында Пакистан, Индия, Монголия, Бангладеш, Афганистан турат.

Эскерте кетсек, 8-ноябрда Бишкек булганыч аба боюнча Делини (Индия) басып өткөн. Анда абадагы РМ2.5 концентрациясы дүйнөлүк нормадан 10 эсе ашып, 1 кубометрде 259 мкг түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий