• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Булут электрондук кол тамганы колдонуудагы көйгөйгө "Инфоком" ишканасы жооптуу - МСК

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Ушул жылдын февраль айынан тартып салык төлөөчүлөрдөн булут электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун түзүүдө пайда болгон техникалык көйгөйлөр тууралуу Салык кызматына даттануулар келе баштады.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, идентификациялоонун жана авторизациялоонун бирдиктүү системасы (ИАБС) КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын системасы болуп саналат жана анын иштөө мүмкүнчүлүгү жана коштоосу үчүн "Инфоком" жооп берет.

"Салык кызматы өз кезегинде бул ката салык кызматынын системасындагы техникалык көйгөй эмес экендигин билдирет. Салык системасы, анын ичинде Salyk.kg "Салык төлөөчүнүн кабинети" штаттык режимде иштешет", - деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы ИАБС менен иштөөдө көйгөйлөр жаралган учурда "Инфокомдун" дарегине кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий