• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бурана айылында көчөдө калган наристенин ата-энеси табылды

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Чүй облусунун Бурана айылында көчөдө калган бир жарым жаштагы баланын ата-энеси табылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Чүй райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен наристенин туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

“Бүгүн баланы Чүй ооруканасынан Токмоктогу балдардын атайын реабилитациялык борборуна которушкан. Социалдык өнүгүү башкармалыгы документтери даяр болгондон кийин баланы ата-энесине өткөрүп беришет”, - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий