• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бурана мунарасынын чатыры оңдолуп, дубалдары бекемделет. Бирок бөлүнгөн каражат жетиштүү эмес

Коом 0


Бишкек, 24.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда, Токмок шаарында "Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо" долбоорунун ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, президенттин администрациясынын билим берүү, илим, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, жергиликтүү бийлик органдары жана тургундары катышты.

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, Бурана мунарасы жалгыз эле кыргыз элинин маданий мурасы эмес, жалпы адамзаттын байлыгы болуп эсептелет.

“Анткени мунара миң жылдан ашык убакыттан бери сакталып келе жаткан тарыхый эстелик. Ал кыргыз элинин, мамлекетинин сыймыгы. Өзүбүздүн тарыхыбыз жөнүндө кеп кылганда байыртадан бери сакталып келген Бурана эске түшөт. Алдыда мунараны сактоо боюнча иштер аткарылмакчы. Чүй өрөөнү өзү жер титирөөлөр көп катталган аймак болгондуктан андан сакташ үчүн бир катар иш-чаралар өткөнү турат. Ошондой эле археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, тарыхый жайдын кыйроого учурабашы үчүн тиешелүү аракеттер жасалат”, - дейт ал.

Абыкеев мунаранын айланасына Баласагын шаарынын макетин куруу боюнча долбоор даярдалып жатканын айтып, келерки жылы башталып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

"Музей демилгелери борбору" коомдук уюмунун директору Чолпон Турдалиева маданий мурасты антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо боюнча иштер үч топто бөлүнүп аткарыларын белгиледи.

“Долбоордун максаты — Бурана мунарасын коргоо, сактоо жана маданий мурас тууралуу билимди кеңейтүү. Аткарыла турган иш-чараларды үч топко бөлгөнбүз: биринчи, ар кайсы тармактагы эл аралык адистер тарабынан илимий изилдөө жүргүзүлүп, алгач кайсы жерин оңдоого муктаж экендиги тууралуу анализ жасалат. Бурананын үстүнө чыксаңыздар, андагы бышкан кыштар сынып жатканын көрөсүздөр. Аны кантип оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигин адистер карап чыгат. Алсак, мунаранын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирилип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдары корголот. Экинчи, малдардын кирип кетишин алдын алуу үчүн мунаранын тегерегин курчаш керек. Үчүнчү, долбоордун алкагында тарыхый жайдын айланасындагы жети айылда илимий иш-чаралар өткөрүлөт”, - деп айтат коомдук уюмдун директору.

Турдалиева маалымдагандай, долбоордун бюджети 200 миң долларды чапчыйт.

“Бөлүнгөн каражат жетиштүү эмес. Бул биринчи этап деп түшүнүшүбүз керек. Бирок, азыркы эң негизги максат — илимий изилдөө. Анткени 1980-жылдан бери изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Балким башка дагы донорлор чыгат. Белгилей кетсем, долбоор ушул жылдын октябрь айынан баштап ишке кирет”, - деп сөзүн жыйынтыктады Турдалиева.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер бүгүнкү иш-чара эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү гана далилдебестен эки өлкөнүн ортосундагы достукту көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын 30 жылдык мамилесинин жышааны болуп турат. Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана келечекте дагы ошончо жыл бекем турат деп үмүт кылабыз”, - деген пикирин билдирди Коултер.

Долбоор "Музей демилгелери борбору" коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып, АКШ элчилигинин “Элчилердин маданий баалуулуктарды сактоо” фонду тарабынан каржыланат.

Эскерте кетсек, “Бурана мунарасы” музей-комплекси 2014-жылы ЮНЕСКОнун материалдык маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Пикир

Оставить комментарий