• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бургер, стейк жана хот-дог жайылган дасторкон. Нурмагомедов беттештен кийинки тамак-аштын видеосун жарыялады

Спорт 0


Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмак ченинде чемпиону Хабиб Нурмагомедов дасторконго жайылган стейк, бургер, хот-дог жана куурулган картошка турган видеону жарыялады.

Буга чейин россиялык мушкер беттештен кийин тез татымдарды жээрин айтып келген.

Нурмагомедов америкалык мушкер Дастин Порьени утуп алганда кийинки каршылашы ким болоорун айтуудан баш тарткан. Бирок, россиялык мушкер кийинки каршылашы тез татым болоорун белгилеген.

Эскерте кетсек, UFC 242 турниринин алкагында Хабиб Нурмагомедов жеңил салмак ченинде Дастин Порьени жеңип, чемпиондук курун сактап калган.

Пикир

Оставить комментарий