• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бурмагүл Чабдарова Талас облустук медиа борборунун директору болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Талас облустук медиа борборунун башкы директору болуп Бурмагүл Чабдарова дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чабдарова Бурмагүл Токтогуловна 1992-1996-жылдары Ж. Баласагын атындагы Улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1996-1998-жылдары Ж. Баласагын атындагы университетинин Философия багыты боюнча магистратурасын аяктаган.

Эмгек жолу:

— 1998-жылы КРнын Улуттук телерадиокорпорациясынын “Кабарлар” өндүрүштүк бирикмесине кабарчылык кызматка кабыл алынган;

— 1999-2001-жылдары Улуттук телерадио корпорациясынын социологиялык изилдөө бөлүмүндө социолог;

— 2001-2006-жылдары УТРКнын “Кабарлар” кызматында баяндамачы;

— 2006-2008-жылдары Талас облустук телерадиокомпаниясынын директорунун орун басары;

— 2008-2009-жылдары Талас облустук телерадиокомпаниясынын директору;

— 2010-2019-жылдары Талас облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары;

— 2020-жылдан бери Талас облусттук медиа борборунун башкы директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий