• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бурсада ТҮРКСОЙ уюмунун туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны өттү

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Түркиянын Бурса шаарында ТҮРКСОЙ уюмунун туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан кезексиз жыйынга маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ТҮРКСОЙ уюмунун укуктук документтерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгына байланышуу жаңы сунушталып жаткан өзгөрүүлөр талкууланды.

Мындан сырткары, жыйында 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары катары аныктала турган шаар талкууланып, 2022-жылы өтө турган иш- чаралар планына толуктоолор киргизилип, кезексиз жыйындын протоколу жана жыйынтыктоочу декларацияларына кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий