• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бурсалык ишкерлерди Бишкекте өтчү кыргыз-түрк бизнес форумуна чакырышты

Экономика 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ТРнын Бурса шаарына болгон сапарынын алкагында аталган шаардын мэри Алинур Акташ менен жолуккан. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандын региондорун жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү максатында Бурса шаарынын КР шаарларынын бири менен боордош шаар мамилелерин орнотуу зарылдыгы белгиленген.

Ошондой эле элчи Өмүралиев сапардын алкагында Бурса шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын жетекчилиги жана башкаруу кеңешинин өкүлдөрү, ишкерлери менен жолугушту.

"Кубанычбек Өмүралиев 2020-жылдын жай айында өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумуна түрк ишкерлерин чакырды", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий