• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бурулайдын иши: Айыпталуучу Бөдөшев 20 жылга, досу Сеитов 7 жылга соттолду

Коом 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. 19 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Бишкектин Свердлов райондук соту өкүм чыгарды.

Бурулайдын өлүмү үчүн айыпталып жаткан Марс Бөдөшев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылды.

Андан тышкары, айыпталуучу Бурулайдын үй-бүлөсүнө моралдык жана материалдык чыгым катары 800 миң сом төлөп бериши керек.

Бөдөшевдин жолдошу Акмат Сеитов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Бөдөшев бүгүн сотто акыркы сөзүн айтып, 4-майдагы ала качууну мойнуна алган эмес. Андан тышкары, кырсык болгон 27-майда да кыздын өзү менен сүйлөшүп алып кеткенин айткан.

Эске салсак, Турдаалы кызы Бурулай 27-майда Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүрүлгөн. 29 жаштагы Марсбек ага 3 жолу бычак сайып өлтүргөн. Ал Бурулайга үйлөнүү максатында аны ала качууга экинчи ирет аракет кылган, бирок милиция аны кармап калууга үлгүргөн.

Андан соң кыз жана жигит Жайыл РИИБне жеткирилип, алдын ала версия боюнча, милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам Марсбек кызды өлтүрүп, өзүн да жарадар кылган.

Пикир

Оставить комментарий