• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бурулайдын иши: Эксперт-криминалист шок абалда болгону үчүн эч нерсени эстей албай жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү тууралуу иш боюнча угуу уланды. Отурумдун жүрүшүндө эксперт-криминалист Эрмек Саманчиевден сурак алынды.

Анын көрсөтмөлөрүнө ылайык, ал эч нерсени эстей албай жатат. Ал шок абалда болгонун жана эмне үчүн манжа издерин албаганын, эшик кантип сындырылганын, бычактын сабы болгонбу же жокпу, эстей албай жатканын айтты.

“Мен окуя болгон жерден манжалардын жана бычактын изин алган эмесмин. Сүрөт эле тарткам, эртеси күнү өлүкканада болдум. Мен толкунданып, өзүмдү жоготуп жаттым. Мындай окуя райондук ички иштер бөлүмүндө алгачкы жолу болду. Мен шок абалда болчумун”, - деди Эрмек Саманчиев.

Эске салсак, 20 жаштагы Турдали кызы Бурулай 27-майда Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүрүлгөн. 29 жаштагы Марсбек ага 3 жолу бычак сайып өлтүргөн. Ал Бурулайга үйлөнүү максатында аны ала качууга экинчи ирет аракет кылган, бирок милиция аны кармап калууга үлгүргөн. Андан соң кыз жана жигит Жайыл РИИБне жеткирилип, алдын ала версия боюнча, милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам Марсбек кызды өлтүрүп, өзүн да жарадар кылган.

Пикир

Оставить комментарий