• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бурулайдын иши: Прокурор айыпталуучуну 23 жылга эркинен ажыратууну суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунун соту 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча ишти кароону улантты.

Мамлекеттик айыптоочу белгилегендей, кылмыш ишин кароо жараяны убагында эки шектүүнүн күнөөсү аныкталып Марс Бөдөшевду 23 жылга эркинен ажыратуу жана Акмат Сеитовду 7 жылга эркинен ажыратуу сунушталган.

Прокурордун айтымында, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү соттолуучунун кылмыш ишине түздөн түз тиешеси бар экендигин көрсөтөт. Жабырлануучулардын жактоочулары мамлекеттик айыптоочунун келтирген дооматтары менен макул болушту.

Эске салсак, Турдали кызы Бурулай 27-майда Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүрүлгөн. 29 жаштагы Марсбек ага 3 жолу бычак сайып өлтүргөн. Ал Бурулайга үйлөнүү максатында аны ала качууга экинчи ирет аракет кылган, бирок милиция аны кармап калууга үлгүргөн. Андан соң кыз жана жигит Жайыл РИИБне жеткирилип, алдын ала версия боюнча, милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам Марсбек кызды өлтүрүп, өзүн да жарадар кылган.

Пикир

Оставить комментарий