• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бурулайдын иши: Соттолуучу кызды анын макулдугу менен ала качканын айтууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жайыл районунун милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн Бурулай Турдаалы кызынын иши боюнча кезектеги отурум уланууда.

Соттолуучу Марс Бөдөшовдун айтымында, ал маркум кыз менен 3 жылдан бери мамиле куруп келе жаткандыктан, анын үй-бүлөсүн жакшы билген.

“Мен ага шакек, гүлдөрдү белек кылып, кафеге алып барчумун. Кийин ал апасы экөөбүздүн мамилебизге каршы экендигин айтты. Мен аны ала качып, Таласка алып кетүүнү сунуштасам, макул болгон. Бирок жолдо апасы менен телефондо сүйлөшкөндө, апасы аны урушту, атасы эч нерсе деген жок”, - деди Бодошов.

Ал ошондон кийин аны үйүнө ата-энесине алып баруу чечими кабыл алынгандыгын кошумчалады.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратында 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө кызды үйлөнүү максатында ала качкан Марс Бөдөшов күнөөлөнүүдө. Ал милициянын кабыл алуу бөлүмүндө кызга бычак сайган соң, өзүн да жарадар кылган.

Пикир

Оставить комментарий