• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бурулайдын иши: Жабырлануучулар Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунун соту 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмүнүн ишин кароону улантты.

Кароо жараяны убагында жабырлануучунун жактоочулары Эсения Рамазанова жана Назира Абдумуминова соттолуучу Марс Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты.

Алардын айтуусунда, Марс Бөдөшев бир да жолу өз күнөөсүн моюнуна алган жок жана кечирим да сураган жок. Адвокаттар белгилегендей, 23 жылга кесүү ал үчүн абдан аз. Ал эми Бурулайды ала качууга жардам берген Акмат Сеитов тергөө учурунда күнөөсүн моюнуна алып, ал эми соттон көрсөтүүлөрүн өзгөртө баштаган.

“Ошол себептен Сеитовду 7 жылга эркинен ажыратууну суранам”, - дейт Назира Абдумуминова.

Эске салсак, Турдали кызы Бурулай 27-майда Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүрүлгөн. 29 жаштагы Марсбек ага 3 жолу бычак сайып өлтүргөн. Ал Бурулайга үйлөнүү максатында аны ала качууга экинчи ирет аракет кылган, бирок милиция аны кармап калууга үлгүргөн. Андан соң кыз жана жигит Жайыл РИИБне жеткирилип, алдын ала версия боюнча, милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам Марсбек кызды өлтүрүп, өзүн да жарадар кылган.

Пикир

Оставить комментарий