• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бурулайдын өлүмү боюнча ишти эми Свердлов райондук соту карап жатат

Коом 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Бурулайдын өлүмү боюнча иш эми Бишкектеги Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Бүгүн сот залында ЖМК өкүлдөрүн кошкондо болжол менен 50дөй адам бар. Белгилей кетсек, иш Жайыл райондук сотунда жүргүзүлүп жаткан.

10 конвоир соттолгондорду процесске жеткиришти. Кызды өлтүрүүгө күнөөлөнүп жаткан соттолуучу Марсбек Бодошовдун айтымында, буга чейин ал соттолгон эмес, маршрутканын айдоочусу болуп эмгектенген.

Эске салсак, 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн - 29 жаштагы Марсбек ага үч жолу бычак сайган. Марсбек Бодошов кызга үйлөнүү максатында экинчи жолу аны ала качууга аракет жасаган. Бирок милиция кызматкерлери аны кармаганга жетишкен.

Бурулайды жана Марсбекти Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришип, алдын ала версия боюнча, милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам жигит кызды өлтүрүп, өзүн дагы жарадар кылган.

Пикир

Оставить комментарий