• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бурулайдын өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан Бөдөшов кызды өлтүрбөгөнүн, жанында бычагы жок болгонун айтты

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан Марс Бөдөшов аны өлтүрбөгөндүгүн, жанында бычагы жок болгондугун айтты. Бул тууралуу Бодошов Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда билдирди.

Анын айтымында, 28-майда Бурулай үйүнөн чыгып, ал менен жолуккан. Таласка бара жаткан жолдо аны милиция кызматкерлери токтотуп, кызды көрүшүп аларды милиция бөлүмүнө алып келишкен.

“Бизди бир бөлмөгө алып кирейин дешти, бирок мени көчөгө алып чыгышты. Бурулай бөлмөдө эле, мени аны менен сүйлөштүрүшкөн жок. Эшик ачык болчу, мен ага кирип ата-энеси келе жатышканын айттым жана аларга экөөбүз сүйлөшүп жүргөнүбүздү айтуусун сурандым. Андан кийин бирөө жаныбызда жүргөн, кийин эмне болгонун билбейм”, - деди Марс Бөдөшов.

Кийин ал көзүн ачканда ооруканага түшүп калган экенмин деди.

“Мен ага бычак сайган эмесмин, жанымда да, унаамда да бычак жок болчу. Ал менен унаам эмес болчу, ала качуу учурунда мен жалгыз болгом”, - деди ал.

Буга чейин Марс Бөдөшов Бурулайды анын макулдугу менен ала качканын, экөө 3 жылдан бери мамиле куруп жүргөнүн айткан.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратында 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө кызды үйлөнүү максатында ала качкан Марс Бөдөшев күнөөлөнүүдө. Ал милициянын кабыл алуу бөлүмүндө кызга бычак сайган соң, өзүн да жарадар кылган.

Пикир

Оставить комментарий