• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бурулайдын өлүмүнө шектүү адамды СИЗО-1 которушат

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектүү болгон 29 жаштагы жигитти бүгүн СИЗО-1 которушат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянан маалымдашкандай, шектүү ооруканадан чыккан жана аны СИЗО-1 которушат.

Эске сала кетсек, 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө каза болгон. 29 жаштагы Марсбек кызга үч жолу бычак сайган. Жаш жигит кызга баш кошуу ниетинде аны экинчи ирэт ала качкан.

Пикир

Оставить комментарий