• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Буттун терчилдигин кантип кетирүүгө болот?

Дүр дүйнө 0

Бут кийимди чечүүгө туура келген жайларга барганда, терчилдик жана анын жагымсыз жыты ыңгайсыздык жаратат. Мындай жагымсыз жагдайга туш болбош үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонуу менен бул көйгөйдөн арылса болот.

Үй шартында буттун терчилдигинен арылууга эң оңой жана жөнөкөй каражаттар колдонулат.

Буттун жагымсыз жыттанышы аялзаты менен мырзаларды бирдей эле убайымга салат. Ыңгайсыздык жараткан бактерияларды жок кылуу үчүн кадимки йод жардамга келет. Аны кебез менен күнүгө бир маал бутка сүртүп туруу кажет. Ошондой эле, кененирээк идишке суу куюп, бир аш кашык ашкана уксусун кошуп, бутту он беш мүнөт салып туруу дагы оң натыйжасын берет.

Дагы бир жөнөкөй каражат болуп сарымсак жана пияз саналат. Аны майдалап сүргүчтөн өткөрүп, кечкисин жатаар алдында компрес кылып тартуу керек.

Мындан тышкары, бир баш сарымсакты майда майдалап, бир стакан суу менен бир стакан спиртти кошуп, ага сарымсыкты аралаштырып үч же торт күн коюп андан соң күн сайын бутка сүртүп туруу абзел.

Кадимки колдонулуучу бир аш кашык кургак кара чайды, бир литр кайнак сууга чылап, бут күйбөгүдөй кылып салып туруу да оң натыйжасын берет.

Эки стакан ашкана тузун, беш литр ысык сууга кошуп, бутту салып туруу да жытты жок кылат, бирок бул курам бутунда жараты барларга сунушталбайт.

Терчилдиктен тышкары, согончоктун жарылуусу да көйгөй жаратат. Бул көпчүлүк учурда жазында же жайында болуучу жагымсыз көрүнүш. Баскан сайын бутту оорутуп эле тим болбостон, жайкысын ачык бут кийим кийүүгө тоскоол болот. Ушундан улам бул ыңгайсыздык менен күрөшүүгө туура келет.

Көбүргөн самындуу сууга он мүнөт салып туруу керек жана бул көрүнүштү күн сайын кайталоо натыйжалуу.

Чийки картошканы же пиязды майда сүргүчтөн өткөзүп, целлофандын бетине шыбап, аны таза жуулган согончокко жаап, сыртынан бинт менен таңып коюу шарт.

Жарым стакан спиртке он таблетка майда жанчылган аспиринди жана бир бөтөлкө йодду кошуп аралаштырып даяр болгон соң бутка сүртүп туруу керек.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий