• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бутунан жаракат алган Айсулуу Тыныбекова эки жумадан кийин калыбына келет — Изабеков

Спорт 0


Бишкек, 28.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Азия чемпионатында бутунан жаракат алган Айсулуу Тыныбекова эки жумадан кийин калыбына келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Анын айтымында, Тыныбекова учурда реабилитациядан өтүп жатат.

"Айсулууну медициналык кароодон өткөрдүк. Эки жумадан кийин калыбына келет. Бирок машыгууларды өткөрүп жатат, башка дене булчуңдарына көнүгүүлөрдү аткарууда. Негизи спортчулар жаракат алып калса, башка булчуңдарын машыктыра берет”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Одзакиге каршы килем үстүнө чыккан. Кармаштын экинчи бөлүгүндө Нонока Одзаки атаандашынын бутун кайчылаштырып, оодарганда Айсулуу бутун кокустатып, күрөштү уланта алган эмес.

Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча спортчулары жалпы 14 медаль багындырышкан:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг;
Айпери Медет кызы - 76 кг.

Күмүш медаль:
Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;
Мээрим Жуманазарова - 68 кг;
Эрназар Акматалиев - 70 кг.

Коло медаль:
Алмаз Сманбеков - 57 кг;
Улукбек Жолдошбеков - 61 кг;
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Ислам Орозбеков - 74 кг;
Арсалан Будажапов - 79 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өттү.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий