• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

БУУ ачкачылык маселесин бир катар өлкөлөрдөгү чыр-чатактарга байланыштырды

Дүйнө 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. БУУнун Коопсуздук Кеңеши биринчи ирет ачкачылыкты Йемен, Түштүк Судан, Сомали жана түндүк-чыгыш Нигериядагы ички чыр-чатак жана коркунуч менен байланыштырды.

Кеңештин төрагасынын шаршемби күнү жарык көргөн билдирүүсүндө, бул өлкөлөрдө 20 миллион муктаж адамдарга шашылыш түрдө азык-түлүк жардам берүүнү тосуп жаткан кээ бир аты аталбаган партияларды сынга алган.

Документте бул төрт өлкөдө ачарчылыктын негизги себептеринин бири болуп чыр-чатак жана зомбулук кыйраткычтын кесепеттери саналат деп айтылат, деди радио "Эркиндик".

БУУнун маалыматы боюнча уюмга азырынча талап кылынган 5 миллиарддын ордуна 2 жарым миллиард доллар түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий