• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БУУ: Акыркы 10 жылда Афганистанда каза болгон адамдардын саны рекорддук чекке жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун кечээ, 24-февралда жарыялаган баяндамасында Афганистанда 2018-жылы курман болгон адамдардын саны акыркы 10 жылда катталган каза болгондордон ашып, рекорддук чекке жеткенин маалымдады. Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды.

Уюмдун баяндамасына караганда, 2018-жылы курман болгон карапайым оогандыктардын саны 11% өсүп, жалпы 3804 киши өлүп, 7189 адам жаракат алган.

Улуттар уюмунун Афганистандагы миссиясынын жылдык баяндамасында өткөн жылы бул өлкөдө аскердик операцияларда жалпысынан 10 миң 993 жай тургун каза болуп, жаракат алганы айтылды.

Бул көрсөткүч 2009-жылдан бери эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Тамадичи Ямамото жарандык калктын арасында курмандыктардын көбөйгөндүгүнө тынчсыздануусун билдирип, чыр-чатакка катышкан тараптарды жайкын тургундардын өлүмүн алдын алуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

Билдирүүгө караганда, каза болгон жай тургундардын 63%ы өкмөткө каршы күчтөрдүн чабуулунан 37% талибдердин, 20%ы ИШИМ террордук уюмунун кол салууларынан жана калган 6% өкмөткө каршы топтордун колунан өлүм тапкан. Ал эми өкмөттүк күчтөр жана АКШ жетектеген эл аралык коалиция 24% өлтүрүп алган.

Жай тургундардын көбү АКШ менен НАТО абадан жасаган чабуулдарынын күчөшүнөн улам каза тапкан. 2018-жылы эл аралык күчтөр менен ооган армиясынын колунан каза тапкан жай тургундардын саны 2017-жылга салыштырмалуу кыйла өскөн.

Бириккен Улуттар Уюму акыркы 10 жылда Афганистанда 32 миңден ашуун жай тургун набыт болуп, 60 миң киши жаракат алганын белгиледи. Өткөн жылы Афганистандын аймагында кеминде 65 жанкечтилик кол салуу катталган жана алардын көбү Кабулда орун алган.

Пикир

Оставить комментарий