• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

БУУ алдыңкы 5 жылда Кыргызстанда жакырчылыкты жоюуга $90 млн жардам берет

Коом 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. БУУнун азык-түлүк программасы беш жылдык программасынын алкагында Кыргызстанда жакырчылыкты жоюуга 90 млн доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, КР эмгек министри Кудайберген Базарбаев Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын экинчи сессиясында БУУ ДАПтын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан жакырчылыкты жоюу боюнча чараларды жана азык-түлүк коопсуздугу программасын тааныштырды.

"Үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 131 миң аз камсыз болгон кыргызстандыктар же 30,5 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр КР Эмгек министрлигинин ар кандай долбоорлоруна катыша алышты. Аз камсыз болгондор үчүн берилген жөлөк пулду 105,5 миң үй-бүлө алаарын эске алып, биз жакырчылыкты жоюу боюнча чаралар менен муктаж болгон ар бир үчүнчү үй-бүлөнү камтый алдык деп айта алабыз.

Жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу боюнча долбоорлорго 108 миңден ашуун кыргызстандыктар катышып, алар ун жана өсүмдүк майын алышты. Дагы 20,5 миң адам "жумуш үчүн накталай акча (окутуу)" схемасы боюнча долбоорлорго катышты.

2,9 миң адам мамлекет менен социалдык контракт түзүп, бюджеттен кайтарымсыз каражат алуу менен өз бизнесин ачты", - деди Базарбаев.

Ошондой эле Кыргызстандагы БУУ ДАПтын өлкөлүк директору Кожиро Накай КР Эмгек министрлиги аркылуу өлкөдө ишке ашырылып жаткан активдүү чаралардын натыйжалуулугу тууралуу айтып берди.

Сессиянын жүрүшүндө министр Кудайберген Базарбаев Кытайй, Россия, Германия жана Япониянын БУУ ДАПтын туруктуу өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Аталган сессияда кабыл алынган 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык стратегиялык планга ылайык, жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча ар кандай программаларды ишке ашырууга Кыргызстан 90 млн доллары өлчөмүндө колдоо алат. Жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү чараларга багытталган долбоорлорго 15 млн АКШ доллар берилет.

Пикир

Оставить комментарий