• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БУУ Башкы ассамблеясы биримдикти жана тынчтыкты бекемдөөдө III ДКОнун ролун баса белгиледи

Коом 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы социалдык биримдикти, тынчтыкты жана өнүгүүнү бекемдөөдө Ысык-Көлдө өткөн үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ролун баса белгелиде.

КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, күн мурун БУУ БАнын “Тынчтыкты сактап калуу үчүн диний жана маданий аралык сүйлөшүүлөрдү, өз ара түшүнүшүүлөрдү жана кызматташууну демилгелөө” аттуу жаңыланган резолюциясы бир добуштан кабыл алынган.

"Анда 2018-жылдын сентябрь айында Кыргызстандагы Ысык-Көлдүн жээгинде ЮНЕСКОнун патронажы астында социалдык биримдикти, тынчтыкты жана өнүгүүнү бекемдөөгө жол ачуучу демилге катары уюштурулган үчүнчү ДКО тууралуу сөз болду", - деп айтылат маалыматта.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маданий жана цивилизация аралык сүйлөшүүлөрдү илгерилетүү учурунда эл аралык коомчулук жана БУУ тарабынан кайра-кайра баса белгиленгендиги айтылат.

Пикир

Оставить комментарий