• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУ Баткенде эвакуацияланган жарандарга жардам көрсөтүү маселесин кароого даяр

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-майында Нью-Йорктогу КРнын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун башкы катчысынын саясий иштер жана тынчтыкты куруу боюнча орун басары Розмари А.Дикарло менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун башкы катчысынын саясий иштер жана тынчтыкты орнотуу боюнча орун басары Розмари А.Дикарлого Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Атап айтканда, ал куралдуу кагылышуунун натыйжасында КРнын 36 жараны, анын ичинде балдар курман болгондугун, 180ден ашуун адам жаракат алгандыгын, 33 миңден ашуун адам жер которууга аргасыз болгонун, жүздөгөн турак үйлөр, билим берүү жана инфратүзүмдүк объектилер талкаландыгын билдирди.

Буга байланыштуу М.Молдоисаева кыргыз тараптын БУУнун ички жер которгон кишилерге жана алардын туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүсүнө, ошондой эле өлкөдөгү талкаланган инфратүзүмдүк объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.

Мындан тышкары, М.Молдоисаева эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруучу бийлик органдарынын кызматкерлеринин биргелешкен жумушчу топтун мындан аркы жемиштүү сүйлөшүү процесси үчүн стабилдештирүү чараларын ишке ашыруу максатында жасаган иштери жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Розмари А.Дикарло БУУнун чыр-чатактан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле БУУ системасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана агенттиктери аркылуу куралдуу кагылышуулар зоналарынан эвакуацияланган ички жер которгон адамдарга жардам көрсөтүү маселелерин кароого даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий