• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БУУ: Бир жылда үй-бүлөдөгү зомбулуктан 50 миңге жакын аял каза болгон

Дүйнө 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Дүйнөдө 2017-жылы 50 миңге жакын кыз-келин өнөктөштөрү же туугандары тарабынан жасалган зомбулуктан улам каза болгон. Мындай маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 8-июлда жарыяланган баяндамасында жазылган.

Баяндамада белгиленгендей, жалпысынан 2017-жылы кылмышкерлердин колунан 87 миң аял каза тапкан. Ушул эле жылы бардык куралдуу кагылыштардын жыйынтыгында 89 миң киши мерт болгон.

Баяндаманын авторлору 2012-жылга салыштырмалуу үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгон аялдардын саны өскөнүн белгилешүүдө. 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын көбү Азияда (дээрлик 20 миң) катталган. Африкада 19 миңдей, Америка континентинде 8 миң, ал эми Европада 3 миң аял өнөктөшүнүн жана туугандарынын колунан ажал тапкан.

Пикир

Оставить комментарий