• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БУУ: Дүйнөдөгү качкындардын саны 62 миллиондон ашты

Коом 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча жогорку комиссарлыгынын статистикасы дүйнөдөгү качкындардын саны 2017-жылдын акырына карата 62 миллиондон ашканын көрсөттү. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Аталган комиссарлыктын маалыматы боюнча, дүйнөдөгү качкындардын санынын көбөйүшү дагы деле уланууда, алардын санынын эң жогорку чеги Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жеткен.

2017-жылдын акырына карата дүйнө жүзүндө 62,1 миллион киши качкын болуп жер которгон, бул көрсөткүч дүйнөнүн абдан жыш жайгашкан өлкөсүнүн калкынын санына барабар.

Дүйнө жүзүндөгү качкындардын жарымынан көбү 18 жашка чыга электер. Качкындардын көбү Сирия, Ооганстан, Түштүк Судан, Мьянма жана Сомалиден чыккандар.

Жарандык согуштар, климаттын өзгөрүшү жана этникалык зордук-зомбулуктар качкындардын санынын көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат.

Акыркы жылдарда ар кандай кризистерден улам өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон качкындардын санынын жогорулап жатканын диаграммадан көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий