• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БУУ: дүйнөдө качкындардын саны 65,6 миллионго жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. БУУнун маалыматы боюнча, 2016-жылы качкындардын жана башпаанек сурагандардын саны рекоррдук көрсөткүчкө — 65 миллион 600 миң адамга жеткен. Бул 2015-жылга салыштырганда 300 миң кишиге көп.

БУУнун эксперттери белгилешкендей, орточо эсеп менен өткөн жылы ар мүнөт сайын 20 адам же ар үч секунд сайын бирден адам үйүн таштап кетип турган. Маалыматка караганда, качкындардын көбү – беш жарым миллион адам – Сириядан чыгышкан.

Баяндаманын авторлору Түштүк Судандагы абалдын чыңалуусуна дагы көңүл бурушкан. Анда кагылышуулардан улам былтыр дээрлик 800 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен.

Бир канча күн мурда БУУнун качкындар иштери боюнча мекемесинин башчысы Филиппо Гранди дүйнө коомчулугун качкындарды кабыл алуу үчүн каралган жерлерди 13 эсеге көбөйтүүгө үндөгөн. Айтымында, учурда бир миллиондон ашык киши башка жерге жайгаштырууга муктаж.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий