• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

БУУ ЭКОСОКтун төрагасы Кыргызстанды Кумтөр боюнча Centerra менен тынчтык келишиминин түзүлүшү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Кечээ, 6-апрелде Кыргызстандын Нью-Йорктогу БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы Колен Виксен Келапиле менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, БУУнун Башкы ассамблеясы жана коопсуздук кеңеши менен бирге БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңеши (ЭКОСОК) БУУнун Уставдык органдарынын бири болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЭКОСОКтун төрагасы Келапиле Кыргызстанды жана кыргыз элин Кумтөр кени боюнча КР менен Centerra Gold Inc. ортосунда тынчтык келишимин түзүүсү жана бул маселени эл аралык укуктун алкагында чечилүүсү менен куттуктады.

Ал жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылуу үчүн, ошондой эле 2030-жылга Туруктуу өнүгүү максаттарына андан ары жетишүүгө талашты тынчтык менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Ошондой эле ЭКОСОКтун төрагасы БУУнун Экономикалык жана Социалдык кеңешинин мандатынын алкагында Кыргызстанга мындан аркы жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий