• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУ конференциясында Париж келишимин аткаруу эрежелери кабыл алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Польшада Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча дүйнөлүк конференциясында Париж келишимин жүзөгө ашыруу эрежелери кабыл алынды. Документти дээрлик 200дөй өлкө жактырды.

Алар көмүр кычкыл газынын консентрациясына мониторинг жүргүзүү жана уулуу газдардын абага тарашын азайтуу аракеттери боюнча макулдашты.

Айрым эрежелер кийинчерээк иштели чыгат. Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду кабыл алынган документ 2020-жылы эл аралык ишмердүүлүгүн жигердүү баштай турганын белгиледи.

2015-жылы 195 мамлекет Париж келишимине кол койгон. Ага ылайык, дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 2 Цельсий градустан ашырбоо боюнча аракеттерди көрүшү керек.

Бирок Дональд Трамп келишим АКШ экономикасына триллиондогон доллар зыян келтирет, миңдеген жумуш орундары кыскарат, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда мындан Кошмо Штаттары көп зыян тартат деп, каршы болгон. Ал 2017-жылы июнда өз өлкөсүн Париж келишиминен чыгарып кеткен. Польшада өткөн конференциядан кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтондун көз карашы өзгөрбөгөнүн ырастады.

Пикир

Оставить комментарий