• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БУУ КР Пробация департаментинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-июнунда КР юстиция министринин орун басары Кынатбек Сманалиев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү министрдин орун басарына КР Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментине төмөнкүдөй багыттарда көмөк көрсөтүүгө даяр экендиги тууралуу маалымат беришти:

- "Пробация" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун иштешин жакшыртуу”;

- Департаменттин кызматкерлеринин, атап айтканда психологдордун жана социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;

- пробациянын кардарлары үчүн ар кандай реабилитациялык программаларды киргизүү.

Иш-чаранын катышуучулары Пробация департаменти үчүн окуу борборун түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кынатбек Сманалиев ошондой эле пробация органдары үчүн адистерди даярдоонун зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий