• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БУУ Кумтөр боюнча КР менен "Центерранын" ортосундагы келишим боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кумтөр кени боюнча Кыргызстан менен Centerra Gold Inc ортосунда тынчтык келишимине кол коюлгандыгы боюнча комментарий берди, - деп кабарлайт КР ТИМдин басма сөз кызматы.

БУУнун Башкы катчысынын маалымат катчысынын орун басары Ф. Хан журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстандын өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын ортосунда Кумтөр кени боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандыгын БУУ тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди.

"Тынчтык келишимине кол коюу - маселени эл аралык коммерциялык укуктун алкагында чечилишин билдирет, аны кыргыз тарап БУУнун мүчөсү катары сактап келет. Биздин өлкө тарабынан эл аралык укукту сактоосун көрсөтүү дуйнөлүк коомчулук үчүн абдан маанилүү ролду ойнойт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий