• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БУУ Кыргызстан демилгелеген жаратылышты коргоо боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде 75-сессиянын пленардык жыйынынын жүрүшүндө БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан тарабынан демилгеленген “Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору” деп аталган жаңы резолюцияны бир добуштан кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, резолюцияны кабыл алууда жалпы мамлекеттердин колдоосу менен катар, 60 мамлекет Кыргызстандын резолюциясына авторлош болушту: Афганистан, Армения, Азербайжан, Беларусь, Бутан, Боливия, Буркина-Фасо, Камерун, Борборафрика Республикасы, Чили, Кытай, Колумбия, Коста-Рика, Куба, Жибути, Доминика Республикасы, Египет, Экваториалдык Гвинея, Эфиопия, Гамбия, Гренада, Гватемала, Гвинея, Гайана, Индия, Япония, Иордания, Казакстан, Лаос, Ливан, Лесото, Малайзия, Мальдив, Мавритания, Монголия, Марокко, Мозамбик, Науру, Непал, Никарагуа, Нигерия, Парагвай, Перу, Филиппин, Катар, Румыния, Россия Федерациясы, Руанда, Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадин, Сенегал, Сингапур, Тажикстан, Того, Тунис, Түркмөнстан, Өзбекстан, Вьетнам, Замбия, Зимбабве.

Резолюциянын негизги максаты – 2030-жыл, күн тартибинин ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен биргелешкен иш-аракеттер аркылуу келечек муундарды таза, коопсуз жана туруктуу чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагында чек ара кызматташтыгын бекемдөө.

Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүүчүлөрдүн түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо Союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар тарабынан оң бааланып колдоого ээ болду.

2020-жылы август айында Бишкекте коомчулук жана дипломатиялык корпус үчүн долбоордун Улуттук презентациясы болуп өттү.

Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева резолюцияны БУУнун Башкы Ассамблеясында презентациялоо учурунда Кыргыз Республикасы 2030-жыл, күн тартибин жана эл аралык экологиялык демилгелердин көпчүлүгүн толугу менен колдой тургандыгын белгиледи.

Туруктуу өкүл Молдоисаева Кыргызстан сунуш кылган резолюцияны кабыл алуу менен дүйнө коомчулугунун алдында турган экологиялык көйгөйлөрдүн маанилүүлүгү жана туруктуу өнүгүү үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча биргелешкен чечимдерди табуу үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгынын тургандыгын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген резолюция учурда эл аралык, регионалдык жана эки тараптуу деңгээлде актуалдуулугу өсүп жаткан, экология жаатындагы БУУнун мүчө-мамлекеттеринин чек аралык кызматташтык маселелерин камтыган адистештирилген документтеринин бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий