• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУ Кыргызстандын өлкөнү өнүктүрүү максаттарын колдоого даяр

Коом 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) мындан ары да Кыргызстандын өлкөнү өнүктүрүү максаттарын колдоого даяр. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан эл аралык донордук конференциянын жүрүшүндө Борбор Азия боюнча БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман билдирди.

Анын айтуусу боюнча, туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууну кармаган негизги фактор финансынын жетишсиздиги.

“Ошол себептен өлкөлөр ички ресурстарды мобилдештирүү үчүн баардык аракеттерин жумшашы керек. Бир четинен, эл аралык коом тарабынан көрсөтүлгөн жардам чечүүчү мааниге ээ. Ушул мүмкүнчүлүк менен пайдаланып Кыргызстанды өнүктүрүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу өнөктөштөрдү, ошондой эле жеке ишкерлерди өлкөнүн 2030-жылга чейинки өнүгүү күн тартибин колдоого чакырам”, - дейт Наталья Герман.

Пикир

Оставить комментарий