• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БУУ: Ливиядагы акыркы кагылышуулардан 18 миң адам өз үйлөрүн таштап кетти

Дүйнө 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. БУУнун алдындагы Миграция боюнча эл аралык уюм Ливиядагы кагылышкан тараптардын акыркы чыр-чатагынан улам 18 миңден ашуун адам өз үйлөрүн таштап кеткенин маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы бул аскердик аракеттерден улам каза болгон жана жаракат алгандардын саны көбөйгөнүн кабарлады, деп жазат Associated Press билдирди.

БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына таянып, Триполиде көзөмөл орнотуу үчүн чабуулдарды баштаган фелдмаршал Халифа Хафтардын "Ливиянын улуттук армиясына" таандык күчтөр менен Улуттук биримдик өкмөтүнүн күчтөрүнүн ортосундагы акыркы кагылышуулардан улам 18 миңден ашуун адам жер которуп кеткенин билдирди.

Аталган уюмдун маалыматына караганда, Триполи шаары үчүн күрөштүн айынан 5-апрелден бери 146 киши набыт кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Ливиядагы кагылышуулардын курмандыктарынын жаңы статистикасын жарыялап, каза болгондордун саны 174 жана жаракат алгандардын саны 756 жеткенин жазды.

Ливиядагы саясий кризис 2011-жылы Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн бери уланып келет.

Пикир

Оставить комментарий