• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БУУ: Мьянмадагы нааразылык акцияларында 18 киши каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Ишемби жана жекшемби күндөрү Мьянманын бир нече шаарында аскердик режимге каршы нааразылык акциялар өттү. Янгон, Тавой жана Мандалай калааларында полиция менен болгон кагылышууларда кеминде 18 киши каза болуп, 30дан ашыгы жаракат алды. Бул тууралуу «Би-Би-Си» БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, кагылышуулар маалында полиция кызматкерлери алгач желим окторду колдонсо, кийинчерээк кадимки ок менен демонстранттарды аткылай баштаган.

Мьянма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Аскердик жетекчилик былтыр ноябрдагы «парламенттик шайлоону бийлик таза өткөргөн жок» деген шылтоону жүйөө катары карманып жатат.

Мьянманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

Пикир

Оставить комментарий