• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БУУ Мьянмадагы окуяларды “этникалык тазалоо” катары баалады

Дүйнө 0

Бишкек, 11.09.17. /Кабар/. Мьянмадагы рохинджа элинин өкүлдөрүнө карата кырдаал “этникалык тазалоонун” мисалы болуп саналарын БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад аль Хуссейн билдирди.

“Мьянма адам укуктарын бузуу багытында иликтөөлөрдү жүргүзүүгө каршы болуп жаткандыктан абалга толук баа берүүгө болбойт, бирок, ал этникалык тазалоонун ачык мисалы сыяктанат”, - деп билдирди ал дүйшөмбүдө БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешинин 36-жыйынынын ачылышында.

Жогорку комиссар Мьянмадагы рохинджа элине карата мамиледеги адам укугун бузуулар “Эл аралык кылмыш соту чечсе, адамзатына каршы кылмыш катары бааланышы мүмкүн экенин” өткөн жылы эле белгилегенин эскертти.

Ал Мьянманын бийлигин рохинджа эли жашаган райондогу операциясын токтотууга чакырды.

Ракхайн штатындагы рохинджа эли менен түпкү калктын карама-каршылыгы көп жылдан бери созулуп келет.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий