• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БУУ менен кызматташуунун эки жылдык программасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Стратегиялык координациялык комитетинин биринчи отурумуна катышты.

2023-2024-жылдарга биргелешкен иш пландарынын долбоорлору талкууланган жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жасалган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы БУУнун тутумунун өлкөдөгү ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын жана аны менен ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Министрлер Кабинети ата мекендик экономиканын өсүү темпи боюнча алдыга амбициялуу, бирок чындап ишке ашыра ала тургандай максаттарды коюп жатат. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы алдын ала статистикалык маалыматтар боюнча 919,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107,0%ды түздү", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле иштелип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын президенти белгилеген өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу экономикалык реформалардын алкагында актуалдуу экенин кошумчалады.

«Өнөктөштөр деген бир столдо отурган адамдар эмес, алар бир багытты караган адамдар. Биздин өнөктөштүгүбүз ушундай принциптерге негизделгенине ишенем. Эң негизгиси, программанын бардык 4 багыты жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга жана жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган», - деп баса белгиледи Минкаб башчысы.

Өз кезегинде БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Греве кызматташтыктын жаңы беш жылдык алкагы БУУну реформалоо процессиндеги маанилүү кадам болуп санала тургандыгын, анда улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктарына жана 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартибине жетишүү үчүн кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү менен өнөктөштүккө өзгөчө басым жасалаарын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында 2023-2024-жылдарга биргелешкен иш пландарынын программасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2023-2024-жылдарга биргелешкен иш пландарын ишке ашыруу 223 млн долларга бааланып, анын ичинен БУУ системасы 140 миллион долларды бөлүп берген жана төрт маанилүү стратегиялык багытта кызматташат: 1) сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү; 2) жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү; 3) климаттык аракеттер жана кырсык тобокелдиктерин башкаруу; 4) 2030-жылга чейинки Күн тартибине ылайык мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары, гендердик теңчилик жана ак ниет башкаруу.

Пикир

Оставить комментарий