• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУӨП “Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары” бизнес-форумунда кыргызстандык ишкерлерге колдоо көрсөттү

Экономика 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы “Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары” бизнес-форумунда кыргызстандык ишкерлерге колдоо көрсөттү. Бул тууралуу БУУ өнүктүрүү программасынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык өкүлчүлүгү Дубайга барып, анын алкагында кыргыз жана араб ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум болуп өттү.

Бизнес-форумду Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын Эл аралык кызматташтык боюнча вице-президенти Засан Аль Хашеми жана КРнын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти Роман Касымов ачышты.

Миссиянын негизги максаты - ата мекендик продукцияны араб рыногуна жайылтуу жана Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Иш-чарада Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Зассан Аль Хашеми сөз сүйлөп, соода миссиясынын уюштурулушу менен куттуктап, ишкерлерди бири-бири менен активдүү кызматташууга чакырды.

Кыргыз тарап республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча комплекстүү презентация даярдап, ири ишкерлер үмүттөндүргөн долбоорлорун көрсөтүштү. Иш-чаранын соңунда B2B (Business-to-Business) сессиясы өтүп, анда эки өлкөнүн ишкерлери мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

«Иш-чарага Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармагынан 40 компаниянын өкүлдөрү катышып жатканын белгилегим келет. Бүгүнкү аянтча эки мамлекеттин бизнесинин ортосундагы кызматташтык байланыштарды чыңдоого негиз болот деп ишенем», - деди Азиз Аалиев.

Ал кошумчалагандай, республика эки өлкөнүн ишкерлеринин ийгиликтүү кызматташуусу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр, анын ичинде туруктуу өнүгүү максаты боюнча.

Бизнес-форумга экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде тамак-аш жана жеңил өнөр жай, IT, энергетика жана фармацевтика тармактарында иштеген 100дөн ашык өкүлдөр катышты.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында жалпы суммасы 3 миллион 200 миң доллар суммасына эт, бал, кургатылган жемиштерди жеткирүү боюнча бир катар тышкы соода келишимдерине кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий