• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БУУ Россияны расизмге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды

Дүйнө 0

Бишкек, 29.08.17 /Кабар/. БУУнун өкүлдөрү Россия бийлигин расизм жана ксенофобия көрүнүштөрүнө каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышты. Сунушталган чаралардын ичинде — саясатчылардын ксенофобиялык билдирүүлөрү үчүн айыппул төлөтүү жазасын көбүрөөк колдонуу бар.

Дүйшөмбүдө БУУнун көз карандысыз эксперттер тобу уюмдун Расалык басмырлоо көрүнүштөрүн жоюу комитетинде атайын баяндама жасашты. Анда документтин авторлору Россияда 2018-жылы жайында өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин алдындагы фанаттардын жүрүш-турушуна өзгөчө көңүл бурушкан.

Баяндамада Түндүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган адамдар неонацисттер менен «казактар» деп аталган топтордун кол салууларына дуушар боло тургандыгы белгиленген. Уюмдун эксперттери Россия полициясы көбүнчө расалык белгилер боюнча кармоолорду жасайт деп эсептешет.

Москва укук коргоочулардын бул баяндамасы кылдаттык менен текшерилерин убадалашты. "Интерфакс" агенттигинин Женевадагы булагы БУУнун тыянагы Россияга саясий милдеттенмелерди жүктөбөй турганын билдирген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий