• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУ Сирияга гуманитардык жардам жеткирүүнү калыбына келтирди

Дүйнө 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму 12-июлда Сириянын түндүгүндөгү Ракка провинциясына гуманитардык жардам жеткирүүнү калыбына келтирди. БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасынан билдиришкендей, Масса шаарындагы жана коңшу райондордун тургундары азык-түлүктүн биринчи партиясын миңдеген тамак-ашка муктаждар ала баштады деп билдирет.

Мурдараак, июнь айында Башар Асаддын режими Алепподон Камишли шаарына алып бара турган жолдогу өлкөнүн түндүк-чыгышына БУУнун муктаждарга тамак-аш жөнөтүүсүнө уруксат бергенин билдирет “Свобода” радиосу.

Аталган провинциянын райондорунда Ракка шаарындагы аскерий иш-чаралардан улам качкан элдер чогулуп калган. БУУнун маалыматына ылайык, апрель айынан тартып 190 миңден ашык жаран өз үйлөрүн таштап кетишкен, анткен менен дагы 50 миң тургун курчалган шаарда калууда.

Провинциядагы көптөгөн шаарларга алып баруучу жолдор 2014-жылдан бери, тагыраагы Ракканын административдик борборун “Ислам мамлекети” (ИГ) тобокелчилер тобу басып алып, Сириядагы өздөрүнүн халифаты атагандан бери жабылып калган.

Пикир

Оставить комментарий