• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БУУ тарабынан өнүктүрүү жаатында көмөк көрсөтүүнүн рамкалык негиздерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бириккен улуттар уюмунун мекемелери тарабынан 2018-2022-жылдарга өнүктүрүү (ЮНДАФ) жаатында Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүнүн рамкалык негиздерин ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитеттин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушууда 2018-жылдагы ЮНДАФ жыйынтыктары талкууланып, республиканын улуттук артыкчылыктарына жетишүү программаларынын натыйжалары тааныштырылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, БУУ мекемелери Өкмөткө жана мамлекеттик органдарга улуттук стратегияларды жана программаларды иштеп чыгуу жана кабыл алууга колдоо көрсөтүүдө.

«Юстиция тармагындагы, укук коргоо органдарындагы жана адам укуктары жаатындагы реформалардын алкагында иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары социалдык-экономикалык жана гуманитардык өнүктүрүү тармагындагы долбоорлор ишке ашырылды. Кыргыз Республикасы 2020-жылы БУУ Экономикалык жана социалдык кеңешинин жогорку деңгээлинин Саясий форумунун алкагында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетишүү боюнча Ыктыярдуу Улуттук баяндамасынын бет ачарын жасоого расмий түрдө билдирме калтырды. Биз БУУ тутумунун өлкөбүз үчүн маанилүү документти даярдоого ар тараптуу көмөк көрсөтүүсүн жогору баалайбыз», - деди Өкмөт башчы.

Өз кезегинде ЮНДАФ тең төрагасы жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Озониа Ожиело белгилегендей, БУУ тутуму Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын эске алуу менен карап чыгып, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгууну колдоду.

«Туруктуу өнүгүүнүн максаттары бардык улуттук артыкчылыктарга, анын ичинде Кыргыз Республикасын орто жогору кирешелүү өлкөгө трансформациялоого жооп берет. Республика 2020-жылы БУУ Экономикалык жана социалдык кеңешинин жогорку деңгээлинин Саясий форумунун алкагында ТӨМ жетишүү боюнча Ыктыярдуу Улуттук баяндамасынын бет ачарын жасоону пландаштырып жаткандыктан улуттук пландарды жана өнүктүрүү стратегияларын Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына толук дал келтирүү милдети турат», - деди Озониа Ожиело.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын Өнүктүрүү улуттук стратегиясын ишке ашырууга чоң көңүл бурат.

«Документте 2023-жылга чейин өнүктүрүүнүн артыкчылыктары биринчи баскыстын артыкчылыгы катары белгиленген. Бул адилет сот бийлигин орнотуу, экономика, энергетиканы өнүктүрүү жана маалыматтык технологияларды киргизүү. Буга байланыштуу быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү ураанынын алдында өтүп жатканы мыйзам ченемдүү болуп саналат. БУУ тутумунун аймактарды өнүктүрүү долбоорлору боюнча иштерин белгилеп кетким келет. ЮНДАФ 2018-2022-жылдары ишке ашырган мындай актуалдуу долбоорлор көбөйө бермекчи. Өкмөт өз тарабынан көп жактуу көмөктөшүүгө жана кызматташууну улантууга даяр», - деди Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий