• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БУУ Тажикстандын агрессиясына өз баасын берет деп үмүттөнөм – коомдук ишмер

Коом 0

БУУнун башкы ассамблеясынын сессиясында дүйнөлүк лидерлердин алдында сөз сүйлөгөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстан менен чек арадагы чыңалуунун себептерин так түшүндүрүп берди. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине коомдук ишмер Акылбек Сеитов билдирди.

Ал Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка Тажикстан тараптын бир нече жолу кол салуусуна документалдуу далилдерди көрсөтүүгө даяр экендигин билдиргенине басым жасады. Эгемендик алгандан бери мындай окуялар, анын ичинде адам курмандыктары менен коштолгон 150дөн ашуун жаңжал катталган.

“Президент Садыр Жапаров Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен чек ара чектери мурда эле жөнгө салынганын, ал эми Тажикстан менен делимитация жана демаркация процесстери расмий Душанбе тараптан кармалып атканын тапкычтык менен түшүндүрдү. Бишкек саясий-дипломатиялык жолдорду колдонуу менен аймактык талаштарды чечүүгө ачык жана даярдыгын айтып келет. Ошентип, биз Душанбе менен пикир келишпестиктердин бардык спектри боюнча кылдат жана мазмундуу диалогго даяр экенибизди көрсөттүк. Биз эки тараптуу форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алабыз. БУУ, ЕККУ же ЖККУнун ортомчулугунан баш тартпайбыз. Кыргызстан согушту каалабайт, аны бүт дүйнөгө көрсөттү”, - деди ал.

Ошол эле учурда Акылбек Сеитов президенттин сөзүндө аскердик риторика болбогонуна көңүл бурду. Ошондой болсо да ал Кыргызстандын аймагына кол салуу аракети катуу соккуга кабыла турганын ачык айтты. Бул багытта коомдук ишмер Душанбе өжөрлүгүн улантып, жаңы жаңжалды чыгаруу азгырыгына алдыра берсе, эл аралык институттар менен иштешүүнү жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

“Кыргызстанга карата куралдуу агрессиясы үчүн Тажикстанды эл аралык сотто жоопкерчиликке тартууну талап кылуу керек. Агрессор өзүнүн кылыгына – эгемен өлкөнүн аймагын басып алуу аракети жана анын тынч жашаган жарандарын өлтүргөндүгү үчүн жооп бериши керек”, - деди Акылбек Сеитов.

Пикир

Оставить комментарий