• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БУУ Өзбекстан аркылуу Афганистанга гуманитардык жардам жеткирди

Дүйнө 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. 15-декабрда БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Термез аркылуу Мазари-Шариф шаарына эки жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам көрсөттү.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы БУУнун гуманитардык хабындагы жүк Афганистанга жеткирилди. Термез Карго Борбору өзбек-афган чек арасына эки чакырым аралыкта жайгашкан.

Гуманитардык жүктө турмуш-тиричиликке керектүү 40 тонна буюм бар.

Октябрдын ортосунда БУУ Өзбекстан аркылуу Афганистанга гуманитардык жардам жөнөтөрү тууралуу маалымат тараган.

Ал кезде Термез Карго Борборунда 100 тонна гуманитардык жүк жыйналган. Алар Мазари-Шариф шаарына жөнөтүлүүгө тийиш болгон.

28-октябрда талибдер кураган өкмөт БУУнун гуманитардык жардамын Термез аркылуу Афганистанга өткөрүүгө уруксат бербегени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий